Четверг, 23:15, 25 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Коронавирус, 3 жаштагы баланын өлүмү жана күйөөсү токмоктогон Каныкей

янв 30, 2020

Өлкө аймагында болуп жаткан маанилүү маалыматтардын топтомун сунуштайбыз.

Показать больше

Өлкө аймагында болуп жаткан маанилүү маалыматтардын топтомун сунуштайбыз.

----------------------------------------------------------

Жугуштуу коронавирус дартына байланыштуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары интернет аркылуу буйрутма кылынган товарлар тууралуу сурап башташты. Алар Кытайдан алынып келген буюмдарды алуу коркунучтуу эмеспи деп тынчсызданышкан.

Учурда Кытайдан оролуп, таңгакталып жөнөтүлгөн (посылка) буюмдар Кыргызстанда кадимки шартта кабыл алынып жатат. Бул маалыматты АКИpress агенттигине, 29-январда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

----------------------------------------------------------

Кыргызстанда кайсы кесиптерге суроо-талап көп экенин билчү белеңиз?

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Руслан Казакбаев: «Кыргызстандагы эң негизги, суроо-талап көп болгон 3 кесипти айтып бериңизчи?» деген суроону эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартовго узатты.

Токтосартов курулуш чөйрөсүндөгү жумушчуларга суроо-талап көп экенин билдирди. «Бизге кран айдоочусу, бетон койгуч, газ-электр ширеткичтер керек. Бул багыттагы кызматкерлердин орточо эмгек акысы 15 миң сом», - деди ал.

----------------------------------------------------------

Сузак районунда 3 жаштагы бала ур-токмоктун кесепетинен чарчап калды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 27-январь күнү саат 13:30 чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына денесинде көптөгөн көк ала тактар бар 2017-жылы туулган баланын жансыз денесин жеткиришкен. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

----------------------------------------------------------

Дагы бир үй-бүлөлүк зордук-зомбулук:

Баткен районунда жашап жаткан 31 жаштагы Каныкей күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, Баткен облустук ооруканасында жарым ай дарыланды. Аны 28-январда апасы чыгарып кеткен.

Каныкей «Турмуш» басылмасынын аймактык кабарчысы менен жолугушканда башы, бели ооруп, коюу тамак жей албай, колун көтөрө албай жатканын айтты.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться