Четверг, 00:04, 25 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Жаңы маалыматтар: Жолдо заара кылган айдоочу канча сом айып төлөйт?

янв 31, 2020

Показать больше

Кечээ Бишкектин борборундагы көчөдө жолдун жээгине кичи автобусун токтотуп алып, ошол эле жерде заара кылып жаткан айдоочу тартылган видео тараган. Көп узабай ал жумуштан бошотулганы маалым болду. Бүгүн ага 1000 сом айып пул салынганын Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

ТОЛУК МААЛЫМАТ: barakelde.org/news:387204

- Ооруканадагы жаңжал темасы уланууда. Бул жолу Талас облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө медициналык кызмат көрсөткөн аял киши сабалды. Төрөт бөлүмгө кезек менен, бет кап тагынып кирүү керек деген эскертүүдөн улам 1 аял жана эркек киши экөөлөп кол көтөрүшкөн.

Жабырлануучунун абалы жакшы. Бул окуя Талас шаардык милициясынын көзөмөлүндө.

ТОЛУК МААЛЫМАТ: turmush.kg/news:387219

- Ош шаарындагы борбордук аянт тараптан укук коргоочулар тарабынан кармалган 5 адам ээнбаштык боюнча айыпталып жатканы белгилүү болду. Алардын улуусу 35 жашта болсо, кичүүсү 27 жашта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына билдирген маалымат боюнча, учурда шаарда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

ТОЛУК МААЛЫМАТ: turmush.kg/news:387183

- Дагы бир мамлекеттик кызматкер коррупция менен кармалды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын директору кармалганы тууралуу маалымат АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болду.

Болжолдуу маалымат боюнча, ал 1800 евро алган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы директор кармалганын тастыктап, толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

ТОЛУК МААЛЫМАТ: barakelde.org/news:387253

- Жалпыңыздарды жолдо сак болууга чакырабыз.

Бишкектеги №152 кичи автобус 29-январда Аламүдүн-1 кичи району тараптагы бурулуштан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жабырлануучу — 76 жаштагы аял киши оор жаракаттын кесепетинен көз жумду. Жөө жүргүнчү алгач тайгаланып жыгылып, андан кийин унаанын алдында калган деген божомол дагы бар. Тергөө, териштирүү иштери уланып жатат.

******

Бардык маалыматтар менен уюлдук телефондон эле кабардар болуңуз. Ал үчүн «Баракелде» тиркемесин көчүрүп алыңыз.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться