Четверг, 21:40, 18 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Жаңы маалыматтар: Аравандыктар картошка эгип, сот денесин көрсөткөн кызга айып салды

фев 01, 2020

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg дарегинде.

Показать больше

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg дарегинде.

*

Аравандагы Нооруз айылында картошка эгилди. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Гүлнара Мамытованын айтымында, негизи Аравандын Төбө-Коргон айыл өкмөтүндө 10-15-февралда картошка эгилип бүтөт.

Алдыдагы ай суук болбосо түшүм өсө берет, дешет дыйкандар.

http://www.turmush.kg/news:387363

*

Интернеттен денесин көрсөтүп чоң суммадагы каражат тапкан кыздын ишин Октябрь райондук соту карады. 24 жаштагы айыпталуучу борбордогу батирде Европа, Америкадагы сайттар аркылуу денесин көрсөтүп, киреше алып турган.

Райондук сот аны порнографиялык каражаттарды жайылтканы үчүн 30 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирди.

https://barakelde.org/news:387346

*

Нарындык 29 жаштагы Адилет Кутбидин уулу бул жолу муздан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасады. Анын бул өнөрү 8 жылдан бери уланып келет.

«Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун айкелин муздан жасоону көптөн бери каалап жүргөм. Быйылкы кышта аракет кылдым. Кошуналар кызыгып, сүрөткө түшүп жатышат. Мындай эмгек үйдө эле калбасын деп, Нарын шаардык мэриясынын жетекчилерине “айкелди борборго чыгаралы” деп айтып көрдүм. Бирок көңүл бурушкан жок», - деди Адилет.

Сүрөтчү буга чейин манасчы Саякбай Каралаевдин айкелин муздан тургузган болчу.

http://www.turmush.kg/news:387348

*

Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо жол кырсык болду. 31-январда таң эрте «Лексус» менен «Ауди» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен 50 жаштагы эркек киши каза болуп, экинчи жабырлануучу ооруканада жатат. Ал эми өспүрүм баланы ата-энеси үйүнө алып кетишкен.

https://barakelde.org/news:387358

*

Кыргызстандагы эң мыкты ички иштер органдары аныкталды. Алар 2019-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен тандалган.

7 облус жана Бишкек, Ош шаарларындагы ички иштер органдары катышкан сынактын жыйынтыгында 1-орунду Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы, 2-орунду Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы, ал эми 3-орунду Ош облусунун ички иштер башкармалыгы ээледи. Өлкөбүздө ак ниет, чыныгы кесипкөй, таза иштеген милиция кызматкерлери көп болсун.

https://barakelde.org/news:387362

*

Жаңылыктарды телефондон эле алуу үчүн «Баракелде» мобилдик тиркемесин көчүрүп алыңыз.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться