- Новости
- Просмотров: 1771
Зордуктоого шектүүнүн үйүнөн кыздардын ич кийими чыкты Видео
akipress.org/kg — кыргыз тилиндеги маалыматтардын булагы. Кезекте акыркы жаңылыктардын топтому.
Показать больше
Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады деген шектүү кармалды. Бүгүн, 5-февралда сот анын баш коргоо чарасын карайт. Кылмышка шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздардын ич кийимдери табылган.
http://www.turmush.kg/news:387767
***
Жалал-Абад облусунда Кытайдан келген кыргызстандык 10 студент дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын абалы жакшы.
Кытайдан Казакстандын көмөгү менен 2-февралда келген кыргызстандык студенттерден сасык тумоо же безгектин белгилери табылган эмес. Дарыгерлер аларды көзөмөлгө алууну улантат.
Ошондой эле коронавирус дартына байланыштуу Кыргызстандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында алдын алуу чаралары күчөтүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
http://www.turmush.kg/news:387779
***
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 5-февралдагы отурумда өкмөттүн 2 мүчөсүнүн талапкерлигин жактырды. Эми вице-премьер-министр кызматын Эркинбек Асрандиев ээлеп, буга чейин бул кызматты ээлеп келген Замирбек Аскаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектейт.
https://barakelde.org/news:387762
***
Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайында коронавируска каршы даярдыктар көрүлдү.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө: «Чек ара жабык. Бирок Кытайдын аймагында чек аранын ачылышын күтүп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстандын аймагына өткөрүп, тосуп алуу иш-аракети көрүлүп жатат. Алар жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары», - деп айтылат.
http://naryn.turmush.kg/news:387743
Показать меньше