Пятница, 02:30, 29 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Акаевдердин 2 уулу көз жумду. Эне-сайлык кыргыз болуп алган Михаил

фев 07, 2020

Показать больше

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg сайтында.

Азыр акыркы жаңылыктардын топтому.

**

Мурунку президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жана иниси Кубан Акаев көз жумду.

Акаевдердин үй-бүлөсүнө жакын адамдардын айтымында, Айдардын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Маркум ушул айда 44 жашка толмок.

Айрым маалыматтар боюнча, Айдар Акаев ишемби күнү Москва шаарында акыркы сапарга узатылат.

Ал эми Кубан Акаев Чилтен Акаевдин уулу. Ал 5-февралда Кеминде жерге берилди.

https://barakelde.org/news:387838

*

Түркиянын Стамбул шаарындагы Сабихи Гёкчен аэропортундагы кырсыкка кабылгандардын арасында Кыргызстандын 2 жараны бар. Учак жерге катуу конгондон кийин 3 бөлүккө бөлүнүп кеткен. Анын кесепетинен 3 адам көз жумду. Учакта 177 жүргүнчү менен экипаждын 6 мүчөсү болгон. Жабыркаган жүргүнчүлөр, кыргызстандык жарандар дагы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

https://barakelde.org/news:387880

*

Этникалык кыргыздар жашаган Түркиянын Ван аймагындагы кар көчкүдөн каза болгондордун саны 38 адамга жеткени болжолдонуп жатат. Ошол жакта жашаган Кадыр Кыргыз «Баракелде» сайтына: «Ванда жашаган кыргыздар тынч. Бахчисарай районунда кар көчкү түшүп, күрд тектүү 38 адам каза болду деп угуп жатабыз», - деп билдирди.

https://barakelde.org/news:387862

*

31 жаштагы Михаил кыргыз тилинде так сүйлөгөнүн уккандар таң калып: «Сен кыргызсыңбы?» деп сурашат. Тамаша менен жооп узаткан жигит: «Ооба, эне-сайлык кыргызмын, атым Мыктыбек», - деп коёт.

Кыргыз кызына үйлөнгөн Михаил учурда Россияда эмгектенип жүрөт. Анын башкы максаттарынын бири — Кыргызстанга үй-бүлөсү менен аман-эсен кайтуу.

https://www.turmush.kg/news:387867

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться