Пятница, 17:38, 19 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Ат-башылык өспүрүм табылды, Өзгөндөн сапар алган кыз-жигит дайынсыз

фев 21, 2020

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү — вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров парламенттин бүгүн, 20-февралдагы жыйынында ант беришти. Ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Показать больше

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү — вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров парламенттин бүгүн, 20-февралдагы жыйынында ант беришти. Ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да катышты.

https://barakelde.org/news:389264

https://barakelde.org/news:389215

***

Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын жарандары экстремисттик уюм түзүүгө шектелип кармалды. Шектүү 6 адам 17-мартка чейин камакка алынганы белгилүү болду.

Расмий маалыматтарда кармалган жарандар жашаган жерден Россиянын мыйзамы менен экстремисттик деп эсептелген адабияттар, материалдар табылганы айтылган.

http://barakelde.org/news:389272

***

Ат-Башы районунда изделип жаткан 9-класстын окуучусу табылды. Нарын ОИИБдин расмий маалыматы боюнча, 17 жаштагы кыз мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтпаганын айткан агасы милиция кызматкерлерине 7-февраль күнү кайрылган.

Райондук милиция издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада өспүрүм кыз 19-февраль күнү Бишкек шаарынан табылды. Анын абалы жакшы, бир туугандарына өткөрүлүп берилди.

http://www.turmush.kg/news:389275

***

Кара-Суу районунда дайынсыз жоголгон кыз-жигит бир айдан бери табыла элек. Учурда издөө иштери уланып жатканын Ош ОИИБ билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн районунун 2002-жылы туулган тургуну Нуртилек Эргешов жана Кара-Суу шаарынын 2004-жылы туулган тургуну Анара Таалай кызы изделип жатканын жазган.

Нуртилек Эргешов 19-январда, ал эми Анара 21-январда дайынсыз жоголгон. Ага чейин Нуртилек Бишкек шаарына иштегени кетерин же Куршабга барарын айткан. Ал эми Анара Таалайбек кызынын апасы Россияда иштегендиктен эжеси менен жашап жаткан.

http://www.turmush.kg/news:389242

***

Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 1 метрге чейин жеткен кар жаап, ички жолдор жабылып калды. 18-февраль күнү жааган калың кардын кесепетинен айылдын төмөн тарабындагы 12 үй-бүлө башка жакка каттай албай, окуучулар мектепке барбай калышкан.

http://www.turmush.kg/news:389271

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться