Пятница, 01:09, 29 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Кичинекей бөлмөдөгү чоң каяша. Дааратканада өзүнө бычак сайган бейтап келин

фев 26, 2020

Показать больше

Кыргыз тилиндеги маалыматтардын булагы — akipress.org/kg.

***

Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов менен орун басары Канат Осмоновдун ортосунда чыр чыкты. Экөө төраганын иш бөлмөсүндө бүгүн, 25-февралда кайым айтышты.

Асанакуновдун иш бөлмөсүнүн алдына чогулгандардын айрымдары бөлмөгө кирип барышкан. Алардын арасында Осмонов да бар болчу.

https://barakelde.org/news:389691

***

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Нарын шаарына кире турган тилкесинде тоо боорунан таш кулап, жол жабылды. Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Нарын шаарын айланып өтүүчү Жаңы-Жол унаа жолун жабуу жөнүндө буйругуна ылайык тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Таш кулоо коркунучу болгондуктан 2020-жылдын 1-апрелине чейин аталган жол жабык болот.

http://www.turmush.kg/news:389592

***

Айсулуу Тыныбекова 2014-жылдан бери күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чейин жетип келген. Быйыл Индияда өткөн чемпионатта финалга чыкпай, коло байгенин ээси болду. Коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык балбан 11:0 эсебинде атаандашын утуп, коло медаль тагынган.

Айсулуу Тыныбекованын Азия чемпионатындагы ийгиликтери:

- 2013-жылы — 3-орун, коло байге;

- 2014-жылы — 2-орун, күмүш медаль;

- 2015-жылы — 2-орун, күмүш медаль;

- 2016-жылы — 1-орун, алтын медаль;

- 2017-жылы — 1-орун, алтын медаль;

- 2018-жылы — катышкан эмес

- 2019-жылы — 1-орун (алгач күмүш байге тагынып, допинг текшерүүдөн кийин алтын медалды алган)

- 2020-жылы — 3-орун, коло медаль.

http://barakelde.org/news:389631

***

Жалал-Абад облустук психикалык борбордо дарыланып жаткан 28 жаштагы келин ажатканага кирип, өзүнө 4 жолу бычак сайып жиберген. Бул окуяны жашыруу аракети болгонун Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абаддагы аймактык өкүлү Алишер Эрматов билдирди.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, психикалык жактан жабыркаган бейтаптын апасы эч кимге доосу жоктугун билдирген.

«Балдарын сагынып, үйүнө кетүү үчүн өз өмүрүнө кол салган экен. Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

http://www.turmush.kg/news:389680

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться