Пятница, 18:04, 19 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Коронавирус кесепети Олимпиаданы токтотууга жетеби? Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү абал

фев 27, 2020

Эл аралык олимпиада комитети жакынкы 2 айда коронавирус басаңдабаса быйыл Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары токтотулушу мүмкүн экенин билдирди.

Показать больше

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg сайтында.

*** Эл аралык олимпиада комитети жакынкы 2 айда коронавирус басаңдабаса быйыл Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары токтотулушу мүмкүн экенин билдирди.

«Май айынан тарта оюндарды өткөрүүгө даярдыктын акыркы баскычы башталат. Бирок ошол учурда бир нерсе тоскоолдук кылса, анда Олимпиада оюндарын токтотуу тууралуу ойлонуу керек. Бирок азырынча баары план боюнча болуп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы маалыматтарды карасак, дүйнө боюнча коронавирус 80 миң 239 адамга жукту. Анын ичинен 77 миңден ашык адам Кытайда. Алардын ичинен 2663 адам каза болду.

Кыргызстанда бүгүн, 26-февралга карата абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жуккан учур катталган жок деп билдирди.

*** Каржы полициясынын мурунку башчысы Акимжан Муйбиллаевден ири өлчөмдөгү акча талап кылгандар 260 миң сом жана 300 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Свердлов райондук соту тарабынан чыгарылган.

Акимжан Муйбиллаев менен өкүл баласынын чырына 18 жаштагы Айдай аттуу кыз да байланышкан. Ал мурунку аткаминер менен мейманканада жолугушуп, алардын жыныстык мамилеси видеого тартылган. Ал видеотасманы таратам деп коркуткан өкүл бала акча талап кылган.

*** «Коронавирус буюмдар аркылуу жугабы?» деген суроо көпчүлүктө болсо керек. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков: «Вирус буюмдар аркылуу жукпайт, себеби алар азыктандыруучу чөйрө эмес», - деди.

Кронавирус адамдан адамга жуга турганын белгилеген министрликтин өкүлү өздүк гигиенаны сактоого чакырды.

*** «Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкерлери «Коопсуз шаар» долбоору боюнча чыгарылган токтомдорду эреже бузган айдоочуларга жеткирүүгө 3 жолу аракет жасайт. Тактап айтканда, «бакыт каттын» ээси табылбаган учурда айып пул жазылган барак жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнө берилет.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться