Четверг, 19:40, 25 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Тосмодон ашкан студенттер, жол тескөөчү менен журналист аялдын чыры жана коронавирус

мар 16, 2020

Показать больше

Кыргыз тилиндеги маалыматтардын булагы — https://akipress.org/kg.

***

Коронавируска байланыштуу акыркы маалыматтар менен баштасак: Республикалык штаб бүгүн, 13-мартка карата Кыргызстанда коронавирус катталбаганын билдирди.

Бул дарт дүйнөдөгү 117 өлкөгө жетип, 125 миң адамга жукту.

https://barakelde.org/news:391544

***

Япониядагы «Diamond Princess» саякат кемесинде экипаждын мүчөсү болгон Кыргызстандын жараны коронавируска карата 30 жолу тесттен өткөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, анын ичинен биринде коронавирус чыгып, 29 жолку текшерүүдө таза чыккан. Ал Бишкекке кайтып келгенден бери карантинде.

https://barakelde.org/news:391550

***

Ош шаарында жол тескөөчү менен журналист айымдын ортосунда чыр чыгып, уруша кетишти. Алгач тескөөчү милицияга арыз менен кайрылган. Бирок кайра тосмо арыз жазганын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Экөөнүн чырына көчөдөгү адамдар да күбө болушкан.

https://www.turmush.kg/news:391525

***

Ош мамлекеттик университетиндеги өзбекстандык студенттер өз мекениндеги окуу жайларга которулуу үчүн кезекке туруп, тиешелүү документтерин даярдап жатышат. Аймактык кабарчы билдиргендей, кезекке тургандардын саны 500гө жакын.

Студенттердин айтымында, кезек көп болгондуктан айрымдары темир тосмолордон ашып өтүүгө аракет кылып жатышат.

https://www.turmush.kg/news:391552

***

Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылынын 36 жаштагы тургуну Рейна Дүйшөнбиева айылдагы эң жаш баатыр эне болуп саналат. Учурда жолдошу Урмат Дадакеев менен 9 баланы (6 уул, 3 кыз) тарбиялап келишет.

Турмуш, жашоону чагылдырган кызыктуу баяндар жана Кыргызстандын аймактарындагы бардык маалыматтар https://www.turmush.kg сайтында.

https://www.turmush.kg/news:391484

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться