Четверг, 22:37, 18 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Жалгыз калган жол чырак

янв 08, 2019

Бишкектин Жунусалиев (Орджоникидзе) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө жол чырак иштейт.

Показать больше

Бишкектин Жунусалиев (Орджоникидзе) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө жол чырак иштейт. Ал 4 тарапка тең сары түстө гана жанып турат. Ал муну менен «Айдоочу көңүл бур» деген белгини берет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаевдин айтымында, жол чырак 1976-жылы орнотулган.
«Дал ушул кесилиште жол  кырсыктар  чанда гана болот, дээрлик жок. Анткени 4 тараптан тең айдоочуга эскертүү берип турат. Ал шаар Фрунзе убагында орнотулган акыркы жол чырак болуп калды», - деди ал.
Түмөнбаев эртеби-кечпи бул кесилиште жол чырак коюла тургандыгын  кошумчалады.
«Анда аны алууга туура келет, бирок жакында эмес. 2019-жылга карата титулдук тизмеде бул кесилиш жок», - деди ал.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться