- Новости
- Просмотров: 2777
Жалгыз калган жол чырак
Бишкектин Жунусалиев (Орджоникидзе) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө жол чырак иштейт.
Показать больше
Бишкектин Жунусалиев (Орджоникидзе) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө жол чырак иштейт. Ал 4 тарапка тең сары түстө гана жанып турат. Ал муну менен «Айдоочу көңүл бур» деген белгини берет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаевдин айтымында, жол чырак 1976-жылы орнотулган.
«Дал ушул кесилиште жол кырсыктар чанда гана болот, дээрлик жок. Анткени 4 тараптан тең айдоочуга эскертүү берип турат. Ал шаар Фрунзе убагында орнотулган акыркы жол чырак болуп калды», - деди ал.
Түмөнбаев эртеби-кечпи бул кесилиште жол чырак коюла тургандыгын кошумчалады.
«Анда аны алууга туура келет, бирок жакында эмес. 2019-жылга карата титулдук тизмеде бул кесилиш жок», - деди ал.

Показать меньше