Пятница, 06:49, 29 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Полковниктин кызы — 6 миллионунчу кыргызстандык Айлин каякта?

янв 11, 2019

2015-жылдын 25-ноябрында бүткүл кыргызстандыктар сүйүнүчтүү кабар укканбыз.

Показать больше

2015-жылдын 25-ноябрында бүткүл кыргызстандыктар сүйүнүчтүү кабар укканбыз. Ушул күнү саат 18:12де Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны болгон Айлин Кожошева Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келди. Бул тарыхый окуянын каарманына мамлекеттен 1 миллион сомдун сертификаты, Ош шаарындагы 4 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 100 миң сом сүйүнчү берилг ен. Мындай колдоо үчүн Кожошевдердин үй-бүлөсү өлкө жетекчилигине, мамлекетке терең ыраазычылыгын билдиришет.

Учурда Айлин 3 жаштан өтүп, кезек жете электигине байланыштуу бала бакчага бара элек. Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны азыр 5 бир тууганы (жалпы 3 уул, 3 кыз) жана ата-энеси менен бирге Бишкек шаарында ижарага алынган батирде жашап жатат.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться