- Новости
- Просмотров: 5285
Баракелде! Бишкекте 46 жаштагы эне 3 эм төрөдү
9-ноябрда саат 11:00 чамасында пландык негизде операция менен көз жарган Айнура учурда абалы жакшы экенин айтты.
Показать больше
Ал эми 3 эм ымыркайлардын жандандыруу бөлүмүндө атайын жабдыктардын жардамы менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Айнура айым менен жолдошу Кутчубай Токтобаев Түптөгү Кош-Дөбө айылынын тургундары. Алардын 17 жаштагы улуу баласы студент болсо, кичүү уулу 11-класстын окуучусу. Ал эми ымыркайларга Кудайберди, Керемет жана Касиет деген ысымдарды ыйгарышты.
Показать меньше