Вторник, 14:51, 19 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Баткенде коронавирус жок. Бензин чачып өрттөгөн күйөөсүн кечирген келин

фев 08, 2020

Баткен облустук бириктирилген ооруканасындагы 2 адамдан коронавирус тастыкталган жок. Бул маалымат коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-февралдагы отурумунда айтылды. 2 күн мурун аталган 2 жаран ооруканага жаткырылган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 7-февралга карата Кытайдын Кыргызстан менен чектешкен Синьцзян провинциясында коронавирус жуктурган 36 учур катталды.

Показать больше

Баткен облустук бириктирилген ооруканасындагы 2 адамдан коронавирус тастыкталган жок. Бул маалымат коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-февралдагы отурумунда айтылды.

2 күн мурун аталган 2 жаран ооруканага жаткырылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 7-февралга карата Кытайдын Кыргызстан менен чектешкен Синьцзян провинциясында коронавирус жуктурган 36 учур катталды.

http://barakelde.org/news:387985

**

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирус дарты тууралуу биринчи болуп айтып чыккан дарыгер көз жумганы маалым болду.

http://barakelde.org/news:387970

**

02.02.2020 санына өзгөчө маани бергендер үчүн кызыктуу маалымат: Кыргызстанда 2020-жылдын экинчи айынын экисинде 37 түгөй баш кошту. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, алардын ичинен 26 жуп Бишкек шаарында, ал эми 11 түгөй өлкө аймактарында.

Ал эми 2-февраль күнү Бишкек шаарында 58 ымыркай төрөлгөнү маалым болгон.

http://barakelde.org/news:388011

**

Жарандык никедеги күйөөсү бензин чачып, андан кийин өрт койгон 33 жаштагы Сатина милицияга тосмо арыз жазды. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, шектүү эки айга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

ОИИБдин билдирүүсүндө: «Сатина үй-бүлөнү бузбай, күйөөсү менен чогуу жашоону уланткысы келерин билдирген. Бирок аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштери жыйынтыкталган соң материалдар сотко өткөрүлүп берилет», - деп айтылат.

https://www.turmush.kg/news:388006

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться