Вторник, 10:12, 19 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Мейманканада бычакталган жуп

фев 11, 2020

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар http://akipress.org/kg/ сайтында.

Показать больше

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар http://akipress.org/kg/ сайтында.

*** Коронавирус боюнча акыркы маалымат: Бүгүн, 10-февралга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок. Өкмөт республикалык штаб бул дартка жол бербөө үчүн бардык тийиштүү чараларды жүргүзүп жатканын билдирди. Ошондой эле бет каптар, жеке коргоочу каражаттар жетиштүү.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус дартын жуктургандардын саны 37 миң адамга жетти.

http://barakelde.org/news:388203

*** Токмок шаары менен чектешкен Казакстандын айылдарындагы 8-февралга караган түндөгү баш аламандыктын кесепетинен жалпы 10 адам каза болуп, 50 чакты адам жаракат алды. 25 турак жай, коммерциялык 31 объект жана 41 автоунаа өрттөн жабыркаган.

Ал эми кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, көзөмөл-өткөрмө пункттар штаттык режимде иштеп жатканын бүгүн, 10-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Расмий маалыматтар боюнча, чырдан кийин чек арадан Кыргызстан тарапка 4 миңдей адам өткөн. Алар үйлөрүнө кечээ кайтып башташкан.

http://barakelde.org/news:388189

*** Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстанга которууга даярдана башташты. Студенттердин айтымында, аларды мекенине кайтаруу жөнүндөгү буйрукту Өзбекстандын Билим берүү министрлиги чыгарган.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Өзбекстандын Наманган облусунан уулун алып кетүүгө келген эне менен маектешкен. Анын айтымында, уулу Өзбекстанда 3 жыл бою жогорку окуу жайга өтө алган эмес. Андан кийин Оштогу жогорку окуу жайга кабыл алынган уулунун келишимдик акысы 90 миң сом.

http://www.turmush.kg/news:388202

*** Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринен эркек киши менен жаш келин бычакталган абалда табылды. Жергиликтүү милиция менен аталган оорукананын маалыматы боюнча, окуя 7-февралда күндүз болгон.

Сузак районунун 36 жаштагы тургуну мейманкананын администраторуна өзү менен кошо мейманканага кирген 21 жаштагы кызды жубайым деп тааныштырган. Окуяга байланыштуу териштирүү, тактоо иштери жүрүп жатат.

http://www.turmush.kg/news:388191

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться