Понедельник, 19:44, 21 Апреля 2025
АКИpress
Вход
 

Мончодон кайткан аялын кордоп…

фев 20, 2020

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg сайтында.

Показать больше

Бишкектеги Октябрь райондук соту Элмир Сыдымановду (Sydyman) 2 айга камакта калтырды. Бул чечим 19-февралда чыгарылган. Элмир 2 сутка мурун убактылуу камалган болчу. Ага аймактар аралык кастыкты козутту деген айып тагылып жатат.

https://barakelde.org/news:389120

***

Ош шаарында жубайын унаасы менен атайын сүзгөн адам кармалды. ШИИБдин расмий маалыматы боюнча, шектүү жекшемби күнү кечинде мончодон кайтып бара жаткан аялын унаасы менен сүзүп, сүйрөп да кеткен. Жабырлануучу учурда ооруканада жатат.

Ээнбаштык беренеси менен козголгон иш тергөөдө.

http://osh.turmush.kg/news:389100

***

Коронавируска байланыштуу карантин жарыяланган Япониядагы «Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык жарандын абалы туруктуу, дене табы көтөрүлгөн жок. Япониядагы элчиликтин бүгүнкү маалыматы боюнча, кемедеги 14 күндүк карантин 19-февралда аягына чыкты. Андагы жүргүнчүлөрдү 2 күндүн ичинде жээкке чыгаруу пландалып жатат. Кыргызстандык жаран жүргүнчү эмес, экипаждын мүчөсү болгондуктан карантинден чыгарылган жок.

https://barakelde.org/news:389115

***

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нурзат Токтосунова жашоосундагы жаңылыгы менен бөлүштү. Ал социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу: «Кудай буюрса бүгүндөн мени жоолукчан көрөсүздөр. Аялзатына тиешелүү болгон бир парзды аткарууну чечтим», - деп билдирди.

https://barakelde.org/news:389119

***

Бийик тоолуу райондордун, анын ичинде Нарындагы Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөк пулдар төлөнбөй калышы мүмкүн экени айтылып, социалдык түйүндөргө тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул жалган маалымат экенин бүгүн, 19-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин өкмөт Ат-Башы районун бийик тоолуу райондор категориясынан чыгарууну демилгелеп жатканы, бул пенсия, жөлөк пул жана эмгек акынын көлөмүнө таасир бере турганы тууралуу маалымат тараган.

https://barakelde.org/news:389118

***

«Баракелде» (Barakelde») мобилдик тиркемесин көчүрүп алыңыз.

Показать меньше

Популярное видео

   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться