Суббота, 12:07, 20 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

56 миң сом эмгек акы Шайлоонун «шайтан» оюндары

фев 22, 2020

Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде япониялык балбан кыздан жеңилди. Ал атаандашы финалга чыгып, Айсулууга коло медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Анын кезектеги атаандашы Индиянын өкүлү. Бишкек шаарынын убактысы боюнча бүгүн кечки саат алты жарымда финалдык мелдеш башталат.

Показать больше

Айсулуу Тыныбекова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде япониялык балбан кыздан жеңилди. Ал атаандашы финалга чыгып, Айсулууга коло медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Анын кезектеги атаандашы Индиянын өкүлү.

Бишкек шаарынын убактысы боюнча бүгүн кечки саат алты жарымда финалдык мелдеш башталат.

http://barakelde.org/news:389380

***

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын төрагасы Айтмамат Назаров эмгек акысынын көлөмүн айтты.

«Мен келгенге чейин компаниянын бюджети 74 млн сомду түзчү. Бюджетти 53 млн сом кылып кыскарттык. Бүгүнкү күндө бардык кошумча акыны кошкондо 56 миң сом эмгек акы алам. Ал эми кызматкерлердин орточо айлык акысы 22-25 миң сомду түзөт», - деди Айтмамат Назаров.

http://barakelde.org/news:389374

***

Арстан Алайга карата сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулду. Буга кылмыштын курамы жок экени себеп болгон.

Арстан Алай (Абдылдаев) «Кудаймын» деп айткан сөзү боюнча кылмыш иши этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу беренеси менен козголгону 2019-жылдын октябрында маалым болгон.

http://barakelde.org/news:389372

***

Шайлоонун алдындагы шайтан оюндар… Апрелдин он экисинде Кыргызстандагы 25 айыл өкмөттө жана 5 шаарда жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат. Күзүндө болсо парламенттик шайлоо.

Прокуратура органдары тарабынан Ош жана Каракол шаарларында жарандарды жашаган жери боюнча массалык каттоо фактылары аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Ош шаарындагы каттоо бөлүмүн текшерүү учурунда бир үйгө 700дөн ашуун, ал эми башка даректеги үйгө 1 миңден ашык адам катталганы ачыкка чыкты. Бирок аталган үйлөрдө учурда эч ким жашабайт.

Дагы бир үйдө 900дөн ашуун адам катталып, кызыгы үй ээси ал жөнүндө билген эмес.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться