Суббота, 11:31, 20 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

65 жаштагы киши аялына бычак сайган Кыздарга кол салып жүргөн бейбаш жигит кармалды

фев 25, 2020

Показать больше

Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg сайтында.

***

Түп районунда 2 баштуу музоо операция жолу менен туулду. Бирок музоонун бир башы кыймылдабагандыктан анын мал болбой турганын билип, адалдап мууздашкан. Уйдун абалы жакшы, жем-чөп жеп калды.

Turmush басылмасынын кабарчысына мал догдур Кудайберген уулу Нургазы былтыр да аталган айылда эки баштуу музоо туулганын билдирген.

https://www.turmush.kg/news:389554

***

Кыргызстандыктар декларацияны түнгө чейин тапшырса болот. Салык органдары салык төлөөчүлөргө жардам көрсөтүү максатында бүгүн, 24-февралдан тарта Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү.

1-мартка чейин аймактык салык органдары иш күндөрү дагы, эс алуу күндөрүндө дагы түнкү он экиге чейин ачык болот.

https://barakelde.org/news:389568

***

Кара-Көл шаарында кыздарга кол салууга шектелген 28 жаштагы жигит кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин маалыматы боюнча, буга чейин социалдык тармактарда 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында 3 кызына кол салуу болгонун айткан аял кишинин аудио жазуусу тараган. Мындай окуя шаардын аймагында ага чейин да болуп келген.

http://www.turmush.kg/news:389578

***

Япониядагы саякат кемедеги карантинден чыгарылган кыргызстандык жарандын абалы жакшы. Бул маалыматты бүгүн, 24-февралда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Коронавируска байланыштуу акыркы маалыматтарды карасак: Иранда бул дарттын кесепетинен 8 адам каза болгондуктан Түркия чек арасын жапты. Бахрейн жана Кувейтте адамдар коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды.

Италиядагы 11 шаар карантинге жабылып, 50 миңдей жашоочу үйдөн чыкпоо боюнча эскертүү алды.

http://barakelde.org/news:389579

http://barakelde.org/news:389583

https://barakelde.org/news:389561

***

Кадамжай шаарынын 65 жаштагы тургуну аялына бычак шилтеп жарадар кылды. Окуя 20-февралда болгон.

Пикир келишпестиктен чыккан чырдан кийин бычак жабырлануучунун сол жак бөйрөгүнүн үстүнө сайылган. Тиешелүү тергөө, тактоо иштери жүрүп жатат.

https://www.turmush.kg/news:389589

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться