Четверг, 15:14, 28 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Коронавирус, доллар жана соодагерлердин «амалы»

мар 17, 2020

Показать больше

Кыргыз тилиндеги маалыматтардын булагы — https://akipress.org/kg.
***
Кыргызстандын коңшулары — Казакстанда жана Өзбекстанда коронавирус катталды. Бул өлкөлөр менен Кыргызстан экономикалык жактан, социалдык жактан жана жарандар да абдан тыгыз байланышта. Мунун себебинен коронавирус оорусу Кыргызстанга келүү коркунучу абдан күчөдү, деген Кыргызстандын өкмөтү жарандарды оорудан сактануу эрежелерин так аткарып жана чек араларда күчөгөн текшерүү иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
https://barakelde.org/news:391768
***
Кыргызстандын аймагында медициналык бет каптар өндүрүлүп баштады. Иш учурундагы видеону Алымбек Орозбеков жарыялаган.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бет кап өндүрүү менен 3 компания алектене турганын билдирген. Алардын 1 даанасы 10 сомдон ашпашы керек.
https://barakelde.org/news:391787
***
Ошто тонналаган унду кымбат саткан адамдар кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Мындай баш аламандык, мыйзам бузуулар өлкөнүн бардык аймагында болгон. Өзүм билемдик менен бааны көтөргөн соодагерлерге да мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертебиз. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдар азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин, баалар көзөмөлгө алына турганын айтып жатышат.
https://www.turmush.kg/news:391725
***
Кыргызстанда доллардын баасы ушул чекте кармалат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү жыйында: «Дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы 30 пайызга чейин түштү. Улуттук банк менен бардык иш-чараларды макулдашып, 73 сомду 1 доллар кылып кабыл алдык. Ушул чекте кармайбыз», - деди.

https://barakelde.org/news:391763

***
Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну Светлана Копытина 10 баланын энеси.

Анын жолдошу Олег: «Биздин орус элибизде көп балалуу болсоң, “сен жиндисиңби? Акылың жайындабы?” деп тилдеши мүмкүн. А кыргыздарга 10 балам бар десең, “азаматсың” деп макташат», - деди тамаша-чынга аралаштырып..

https://www.turmush.kg/news:391462

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться