- Новости
- Просмотров: 6154
Алгачкы жолу өзгөчө абал. 1 жашка чыга элек балага жуккан коронавирус.
Показать больше
Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар http://akipress.org/kg/ сайтында.
**
Кыргызстандын жарандары өзгөчө абал деген кырдаалга биринчи жолу туш болуп жатса керек. 25-мартта саат эртең мененки сегизден баштап 3 шаарда жана 3 райондо өзгөчө кырдаал абалы башталат. Алар — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондору.
Коменданттык сааттын аралыгы кечки сегизден, таңкы жетиге чейин. Бул аралыкта көчөдө жарандар, транспорттор да болбошу керек.
http://barakelde.org/news:392873
***
Ала-Бука, Кара-Суу жана Ош шаарында коронавирус жаңы катталды. Бүгүн, 24-мартта катталган бейтаптарды кошкондо жалпы 42 адамга жетти. Алардын арасында кичүүсү 1 жашка чыга элек наристе болсо, улуусу 86 жаштагы карыя.
http://barakelde.org/news:392891
http://barakelde.org/news:392855
***
Борбордогу чоң базарларда абал кандай болду экен? «Ош» базарында 24-мартта дагы адамдар көп жүрөт.
Ал эми «Дордой» базары 23-марттан тарта убактылуу жабылды.
http://barakelde.org/news:392899
http://barakelde.org/news:392851
***
Жалал-Абаддагы коронавирус жуккан бейтаптардын бири — 71 жаштагы карыя жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бүгүн абалы орточо экенин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.
http://www.turmush.kg/news:392871
***
Кирип-чыгууга тыюу салынган Ош шаарындагы кырдаалды Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары чагылдырган.
https://osh.turmush.kg/news:392884
***
Жалал-Абад шаарына кирген негизги үч жолго санитардык-карантиндик посттор коюлуп, сырттан келгендерди киргизбей, шаар тургундарын сыртка чыгарбай жатышат.
https://jalal-abad.turmush.kg/news:392865
***
Бардык маалыматтарды телефондон эле үзгүлтүксүз окуу үчүн эң ыңгайлуу «Баракелде» («Barakelde») мобилдик тиркемесин көчүрүп алыңыз. http://barakelde.org/news:383481
Показать меньше