Вторник, 17:11, 13 Апреля 2021
АКИpress
Вход
 

Режиссёр Темирбек Бирназаров жакында жаңы эмгегин көрүүчүлөргө тартуулоо алдында турат.

Режиссёр Темирбек Бирназаров жакында жаңы эмгегин көрүүчүлөргө тартуулоо алдында турат.

мар 22, 2021

Показать больше

Кинорежиссер жана сценарист, «Тазар» кинокомпаниясынын жетекчиси Темирбек Бирназаров жакында жаңы эмгегин көрүүчүлөргө тартуулоо алдында турат.

Тасманын аталышы кандай, эмне жөнүндө, кайсы актерлор катышты? Азыркы кыргыз кино тармагы боюнча режиссердун пикири кандай? Бул суроолорго жооп алдык.

- Саламатсызбы. Алгач эле сөздү сиздин жаңы эмгегиңизден баштасак. Фильм кандай аталат жана идеясы кантип жаралды эле?

- Тасма «Табылга» деп аталат. Фильмдин идеясы, сюжети жөнүндө айтсак, мен негизи идеяны, сюжетти айлана-чөйрөдөн, бизди курчап турган дүйнөдөн, адамдардан алам. «Табылга» деп атаганымдын себеби — мындан 4-5 жыл мурда бир маалымат сайтынан ушул окуяны окудум эле.

Анда бир кыз коомдук унаага сумкасын унутуп кетет. Айдоочу ал сумканы кечинде үйүнө барганда көрөт. Ичин ачса, 20-30 миң доллардай акча, паспорт жана учак билети бар экен. Ошондо ал киши сумканын ээсин издеп, аны таап, өз колуна кайтарып берген. Көрсө, ал кыз үйүн сатып, башка мамлекетке жөнөп жаткан экен. Дал ошол окуя мага терең таасир берди. Себеби, болбогон акча үчүн бири-бирин өлтүрүп жаткан азыркы мезгилде бул айран таң кылган окуя, адамгерчилик. Акча үчүн эмнени гана кылып жатышкан жок? Керек болсо кылмыштан да кайра тартпагандар бар. Балээнин баары ошол ач көздүктөн болуп жаткандай. Материалдык кызыкчылык баарын бийлеп калып, абийир, намыс деген улуу баалуулук, асыл сапаттардан кол жууп калгандайбыз. Ушундай учурда жогорудагыдай адамдардын дагы деле бар экени мени таң калтырды. Анан ошол окуянын негизинде сценарий жазып, кино тарттык. Негизги идея — залкар жазуучу Ч.Айтматов койгон суроо десем болот. «Канткенде адам уулу адам болот?»...

- Демек, негизги идея азыркы күндөгү адамдардын пейили?

- Адамды, коомду бузган — ач көздүк. Анан биз ошол напсибизди тыя албай койдук да. Биздин адамгерчилик деген баалуулук бар. Биз ошол баалуулукту акчага, материалдык байлыкка алмаштырып жибергенбиз. Бул коомго да, адам баласына да өтө кооптуу. Адам өзүн башка жаныбарлардан айырмалап турган адамдык сапатын жоготкону абдан кейиштүү. Турмуш көрсөткөндөй көпчүлүк учурда байларга караганда, өзүнө жетип-жетпей жашагандар бар дүйнөсүн башкалар менен бөлүшүп келет. А кабаттап үй куруп, тегерегин курчап тостуруп алгандар болгон талантын, күчүн, билимин акча табуунун куралы кылып алган. Алар ошол билим, тажрыйбасын бүтүндөй өлкө, эл үчүн эмес, жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатышат. Ошол эле учурда жөнөкөй адамдар деле бар. Саясат менен деле иши жок, башка менен деле иши жок, бирок адамгерчилиги аябай жогору.

- Адамгерчиликти жоготуп коюуга эмне себеп болуп жатат?

- Ачкөздүк. Кээ бир адамдар: «Бир туугандар, бири-бирибизге кайрымдуу бололу», - дейт да, ошол эле замат кайыр сурап же жардамга зарыгып тургандардын жанынан кымбат унаасына чалкалап кетип калгандар болот. Биздин коомдо кандай адамдар бай болот? Ач көз, сараң адамдар. Тилекке каршы бизде адамдын ошол адамгерчилигине, адамдык пейилине карабай, байлыгына, бийлигине, чөнтөгүнө карап, алака күтүп калганбыз. Биздин коомдун оорусу ушул.

- Тасманы тартуу иштери качан башталды жана канча убакытка созулду?

- Фильмди мурдагы жылы жайында тартып баштаганбыз. Бир айдын ичинде эле тартуу процессин бүттүк. Үнүн жаздырып, музыкасын даярдап, монтаж жасоого көп убакыт кетти. Ошентип отуруп, мына эми көрүүчүлөргө тартуулаганы турабыз.

- Тартуучу топ жөнүндө айта кетсеңиз.

- Башкы ролдордо Кыргыз эл артисти Эгемберди Чалабаев менен Сайра Момунбаева болду. Окуя бир үй-бүлөнүн тегерегинде дебедимби, алар ошол үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролун аткарышты. Тартуучу топто болсо белгилүү сүрөтчү Байыш Ысманов иштеп, музыкасын Чынгыз Жураев аттуу композитор жазды. Ушул курам менен иштедик.

- Актёрлорду тандоо кантип жүрдү? Кастинг болдубу?

- Мен негизи кино тартуудан мурун, сценарий жазып жатканда эле так бир актёр, актрисаны элестетип жазам. Башкача айтканда, башынан эле кайсы ролду ким аткараарын белгилеп алам. Тасма тартууда кастинг деле уюштурбайм, тажрыйбага жараша, актёрдук чеберчилигине карап эле тандап алып, сунуштап көрүп, макул болсо тартам.

- Тасма көрүүчүлөргө качан тартууланат?

- Негизи былтыр жазында чыгарабыз деген пландар бар болчу.. Пандемия башталып, кийин саясий абал чыңалып турду. Ошону менен ыңгайлуу учурду күтүп жүрөбүз. Кинотеатрлар эми гана жанданып, иштеп баштагандыктан, буюрса жакынкы күндөрү көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

- Пандемия деп калдыңыз. Сиздердин жумушка пандемия кандайдыр бир таасирин тийгиздиби?

- Тартуу иштери пандемияга чейин эле дээрлик бүткөндүктөн, тартуу процессине таасир эткен жок. Бир гана маселе — элге тартуулоону күтүп турууга туура келди.

- Сүрөт жана видео эң таасирдүү күч эмеспи. Сиздин оюңузча кино деген курал адамзатка канчалык таасир этип жатат?

- Абдан чоң таасир берет. Бир эле мисал, 7-8 жыл мурда корейлердин Гу Жун Пё, дагы башка деген корей сериалдары чыкты го. Кинону көргөн испаниялык балдар көздөрүнө операция жасатып, көзүн жүлжүйтүп баштаптыр, ошол кореялыктарга окшош болобуз деп. Биздин жаштардын да кийген кийимдери, чач жасалгалары бүт корей сериалдарынын каармандарына окшош болуп кетпедиби. Мына көрдүңөрбү, кино канчалык деңгээлде таасир берет. Анан кинодон өздөрү жакшы көрүп калган каармандарды кийген кийиминен, баскан-турганына чейин туурап жатпайбы. Негизи кино коомдо пропаганда катары колдонулат да. Союз убагында бул эң чоң идеологиялык курал болчу.

- Ушул теманы улай... Союз учурунда ыр, роман, фильм баары цензуранын элегинен өткөн эмеспи. Кээ бирлер аргасыздан ошол талапка баш ийсе дагы бирлери ошол пропагандага баш оту менен кирип кеткен дегендей. Кыргыз кинолорунун ичинен ошондой нукта тартылып, азыр «жараксыз» болуп калган фильмдерден барбы? Болсо кайсылар?

- Андай тасмалар толтура. Ырлар, фильмдер баары коммунисттик идеяны пропагандалаган да. Идеалдуу коммусттин образын моралдык жактан бекем, ичкилик ичпеген, коммунисттик партиянын активдүү мүчөсү — ушундай образдар менен жаратышкан. Бизде ал системага каршы чыккандар болгон эмес.

Бирок мен ушул күнгө чейин бир нерсеге абдан таң калам. Ал Т.Океевдин «Бакайдын жайыты» деген шедеври. Ошол фильмди совет учурунда кантип кабыл алып, элге тартуулоого уруксат бергенине айран таңмын. Анкени ал жерде ошол убактагы системага каршы кадрлар көп кездешет. Мисалы, жаңы технологиялар келип, көчмөн цивилизациясын, жайлоолорду, улуттун баалуулуктарын талкалап жатканы айдан ачык көрүнүп турат. А кайсы тасмалар кийин баасын жоготконун айта албайм. Анын баарын айтып салсам, кесиптештеримдин алдында туура эмес болуп калат. Себеби, көпчүлүгү каза болуп калган, алардын артынан жаман сүйлөгөн болбойт, а тирүүлөрү капа болуп калышы мүмкүн.

- Азыркы кино тармагына болгон бааңыз, көз карашыңыз кандай?

- Негизи кинону эки багытта бөлүп карасак болот: коммерциялык жана мамлекет тарабынан каржыланган кинолор. Коммерциялык тасмалар — жеке менчик студиялар. Ал жакта кино — бул товар. Алар жеке каражатына тасма тартышып, ошону кайтарып, же эселеп киреше алууну көздөшөт. Ал эми мамлекет тарабынан каржыланганы биздин «Кыргызфильм» киностудиясы. Бул жерде идеологиялык негиздеги кинотасмалар тартылат. Гумандуулук, ыймандуулукка чыкырган тасмалар, негизи чыгармалар деп айтсак болот. Мына ушуга басым жасалат.

Акыркы жылдары кино бир топ эле өнүктү. Биздин коммерциялык мүнөздөгү фильмдер абдан көбөйдү. Жакшы фильмдер тартылып жатат, кинотеатрларга эл көбүрөөк барып калды. «Кыргызфильм» студиясында да жакшы фильмдер тартылылп жатат. Мисалы, ошол эле союз учурунда албаган байгелерди ала баштадык. Бул жагынан бир топ эле өнүгүү бар деп ойлойм.

- Бирок дүйнөлүк деңгээлге чыккан режиссерлор аз болуп жатпайбы? Буга эмне себеп болуп жатат? Эмне кылуу керек?

- Менин «Табылгага» чейинки тарткан тасмам «Түнкү кырсык» кыргыз киносунун 80 жылдык тарыхында биринчи жолу «А» класстагы сыйлык алган. Бирок тилекке каршы көп көңүл бурулбай калды. Анткени бул олимпиадада алтын медаль алып келген менен эле барабар да. Анан ал жөн гана байге алып келбестен, Кытайда прокатка коюуга келишим түзүлгөн. Бирок бул канчалык деңгээлде ишке ашып жатканын так билбейм. Анткени, айтып өткөндөй биздин студия мамлекетке карагандыктан бул иштердин баары мамлекеттик деңгээлде чечилет. Буга чейин жеке менчик кино тарткан режиссерлор да мындай деңгээлге жеткен эмес. Башкача айтканда, буга чейин эч бир кыргыз режиссерунун эмгеги башка өлкөнүн кинотеатрларында прокатка коюлган эмес.

Бизде негизи дистрибьюция, прокатка чыгаруу өтө эле аксап турат. Аксап эле эмес, андай бизде дээрлик жок деп айтсам болот да. Анкени чет мамлекетке чыгуу үчүн тил билүү, прокат системасын билүү керек. Башка мамлекеттердеги кинотеатрлар менен келишим түзүп, ал жердеги маркетингдин суроо-талабына жооп бере турган адистер тилекке каршы бизде жок. Мамлекет аракет кылып жатат, бирок азырынча дүйнөлүк деңгээлге чыгара турган адистерибиз жок. Ошол үчүн жаш кадрларыбызды даярдап, тарбиялашыбыз керек.

- Сиздин тасмаңыз Кытайда канча жолу коюлуп, канча көрөрман топтоду? Ушулар жөнүндө маалымат барбы?

- Мындай да, тасманы алган тарап биздин «Кыргызфильм» менен келишим түзгөн. А кыргызстандын мыйзамы боюнча ал акча бюджетке түшүш керек экен. Кытай тарапка кат жазганда: «Биз акчаны мамлекеттин эсебине эмес, "Кыргызфильмдин" эсебине которобуз, анткени биз ошолор менен келишим түзгөнбүз» деп жооп бериптир. Башкача айтканда, алардын мыйзамы менен биздин мыйзам туура келбей жатат. Ошондуктан бул көйгөйдү чечүү жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатат окшойт, муну директордон тактап сурап көрүш керек.

- Садык Шер-Нияздын «Курмажан датка» тасмасы боюнча оюңуз кандай? Кандай баа бересиз?

- Бул Садыктын кино тармагындагы эң биринчи эмгеги. Батынып, чыгынып бул тасманы тартканы эле чоң эрдик. Себеби, бул тасманы тартууну менин билишимче эле Г.Базаровго, Актан Арым Кубатка, мага сунушташкан. Ачыгын айтыш керек, баарыбыз баш тартканбыз. Анткени бул чоң жумуш, чоң жоопкерчилик. А Садык ошого карабай тасманы тартты. Биринчи тасмасы болгонуна карабай мыкты деңгээлде тартты. Жалпы элге керектүү тасма болду, эл аралык фестивалдардан бир топ байгелерди алды. Аябай мыкты кино болду.

- Өзүңүз жөнүндө сөздү уласак. Сиз тасма тарткандан кийин көрүүчүлөрдөн эмнени күтөсүз?

- Тасманы элге тартуулаганда мен жараткан эмгек коомго жакшы таасир берсе деп күтөм. Кинону көргөндөн кийин ошол жерден тазаланып чыкса, же ошол жердеги терс көрүнүш, жаман жолдорго барбаса деген ой. Мисалы, «Белгисиз маршрутту» көрүп жатып баары каткырып, күлүп отурат да, тасманын аягында ыйлайт. Ушунтип көрүүчүнү бирде ыйлатып, бирде күлдүрүп, өз идеяңды жеткирүү кыйын. Көрүүчү ошол сезимдердин баарын сезип, каарман менен кошо жыргап, кошо ыйлап, кошо жашап, тасманын аягында ойлонуп чыкканда: «Көрүүчү мен айтайын деген ойду түшүнгөн экен, демек мен максатыма жеттим», - деп жыйынтык чыгарасың.

- Сизди өз командаңызга абдан катаал мамиле кылат, талапты катуу коёт деп калышат...

- Тартип бар жерде сөзсүз ийгилик болот. Тартип жок жерде баш аламандык, эч качан ийгилик болбойт.

Мен мисалы кээде бирөөгө жакшылык кылыш үчүн ошондой катаал мамиле кылам. Себеби, бул анын келечегине пайдасын тийгизет. Кийин чыгармачылыгында эле эмес, жашоодо өз оокатын кылып кеткенге да чоң сабак болот. Кайсы жерде тартип болсо, ар ким өз милдетин так аткарса, ошол жерде сөзсүз ийгилик болот.

Мен жөн жерден урушпайм, тилдебейм, сөзсүз артында бир маани жатат. Адам өзүн-өзү тарбиялабаса, катуу талап болбосо болбойт. Өзүн-өзү сүйүп, аярлай берген адам эч качан ийгиликке жетишпейт. Адам канчалык өмүр сүрөт билбейт да, ошол үчүн көбүрөөк жакшы иштерди бүтүрүүгө умтулганы оң.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться