- Новости
- Просмотров: 1481
Төкмө акын Болот Назаров кайрадан кармалды. Видео
Шектүү атты сүрөткө түшүп алуу үчүн сурап, ошол бойдон минип кеткен.
Показать больше
29 жаштагы төкмө акын Болот Назаров кайрадан кармалды. Ага өспүрүмдөн жылкыны күч менен тартып алган деген айып тагылып жатат.
Москва районундагы милиция кызматкерлерине кайрылган арыз ээсинин айтымында, окуя 7-ноябрда түштөн кийин Чоң-Арык айылындагы талаада болгон.
Шектүү атты сүрөткө түшүп алуу үчүн сурап, ошол бойдон минип кеткен.
Бул факт тоноо беренеси менен катталып, тергөө жүрүп жатат.
Показать меньше