- Новости
- Просмотров: 9061
Кытайлык жаран менен 19 жаштагы кыздын өлүмү. Кылмыш-кырсык хроникасы. Видео
Показать больше
- Ош шаарындагы мейманканадан кытайлык 44 жаштагы эркек кишинин бычакталган денеси табылды. Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектелип маркумдун жердеши кармалып, күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, эмгек акысын ала албай жүргөндүктөн ушундай кадамга барган.
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 19 жаштагы кыз киши колдуу болду. Анын сөөгү Масы айылындагы сайда табылды. Шектүүлөр изделип жатат.
- Бишкек—Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа менен «Хонда Степвагон» сүзүштү. Күбөлөрдүн айтымында, бензовоздун айдоочусу мас болчу. Ал «Степвагондон» ашып өтүүнү көздөгөн. Кырсыктын кесепетинен жол да жабылып калган.
- Кечинде Бишкек шаарында тайгак жолдун кесепетинен жеңил унаа ала салды. Ал Масалиев көчөсү менен бара жатканда жолдон чыгып, карагай жана бетон мамыны сүзгөн. Бактыга жараша айдоочу аман калды.
Показать меньше