Пятница, 06:56, 29 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Ошто унаадагы аялдын видеосу интернетке тараган соң, жол кайгуулчулар алардын изине түшүштү. Видео

ноя 11, 2022

Негизи унаанын артына малды жүктөсө болот, бирок адамды салып алууга болбойт.

Показать больше

Кечээ, 10-ноябрь күнү Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын жүк жүктөөчү жагына аялды салып алып бара жаткан айдоочунун кылыгы социалдык тармакка видео аркылуу тарады Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган унаа өз учурунда токтотулган.

«Айдоочу Кара-Суу районунун 1958-жылы туулган тургуну болгон. Анын апасынын жүрөгү ооругандыктан, апасы таза абада кетүүнү суранып, артына отуруп алган экен. Негизи унаанын артына малды жүктөсө болот, бирок адамды салып алууга болбойт. Мындан улам кызматкерлер протокол түзүп, 3 миң сом айып пул салышты», - деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться