Пятница, 05:16, 29 Марта 2024
АКИpress
Вход
 
Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы Кыргызстан менен чек ара боюнча макулдашууну жактырды

ноя 15, 2022

Кечээ, 14-ноябрда Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын айрым жерлери боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо сунушун карады.

Показать больше

Жыйынга премьер-министр Абдулла Арипов катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берген.

Ариповдун айтымында, өзбек-кыргыз чек арасынын 302 чакырымын, анын ичинде талаш жараткан 35 аймакты делимитациялоону соңуна чыгаруу пландалууда. Арипов Кыргызстан менен сүйлөшүү 5 жылга созулганын белгиледи. Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Эми бул маселе парламенттин сенатында каралат. Андан соң президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын Камчыбек Ташиев Кыргызстанга жалпысынан 19 миң 699 гектар жер өтүп жатканын, ал эми Өзбекстанга Кемпир-Абаддын суу алдындагы 4485 гектар жери берилерин айтып, Кемпир-Абадды эки өлкө биргелешип башкарарын жар салган.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   
Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться