- Новости
- Просмотров: 4854
«Өзгөчө кийим»: Айдоочулук күбөлүктү оңой алуу жолу ачыкталды
Кайыңды шаарында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз алууга жол ачкан «өзгөчө кийим» табылды.
Показать больше
Кайыңды шаарында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз алууга жол ачкан «өзгөчө кийим» табылды. Бул ишти ачыктоого бүйүр кызыткан окуя себеп болду. Автомектепке 15 миң сом берип, бирок сабак жана сынакка катышпаган жергиликтүү тургун 14-ноябрда мамлекеттик сынак тапшырмак. Ага жардам бере турган автомектептин директору курсантка атайын техника менен жабдылган куртка кийгизген. Курткада топчу сыяктуу камера, Wi-Fi роутер, микрофон жана наушник бар болчу. Аны кийген адам камерадан компьютердин монитору көрүнүп тургандай отурушу керек эле. Бирок сынакка кирген жаран компьютер менен иштей албай, шек жаратып, колго түшүп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.
Показать меньше