- Новости
- Просмотров: 5571
Кытайдан ташылган импорт 3 эсе көбөйдү
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, импорттун көлөмү 3,1 млрд долларга жеткен...
Показать больше
Кыргызстанга Кытайдан алынып келген товардын көлөмү 3 эсе жогорулады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, импорттун көлөмү 3,1 млрд долларга жеткен.
Кытай Кыргызстандын соода жүгүртүүдөгү өнөктөштөрүнүн ичинен 1-орунду ээлейт. Тактап айтсак, жалпы импорттун 44 пайызы бул өлкө менен байланыштуу.
Ал эми Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына болгон экспорт 47 млн долларга жетти. Былтыр дагы ушундай көрсөткүч болгон.
Показать меньше