- Новости
- Просмотров: 22181
Айдоочулар эми техпаспорт, күбөлүгүн телефондон көрсөтсө болот. Видео
18-ноябрда чыккан чечим 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Показать больше
Мындан ары кыргызстандык айдоочулар айдоочулук күбөлүк менен техпаспортту дайыма жанында алып жүрүшү керек деген талап болбойт. «Эмне үчүн? Кантип?» деген суроолорго азыр жооп беребиз.
Эми Кыргызстандын аймагында документтериңизди телефондон эле көрсөтсөңүз болот. Санариптик документтер юридикалык мааниге ээ деген чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.
Бул үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесин көчүрүү керек. Азырынча тиркемеде паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаанын каттоо күбөлүгү бар. Жакынкы убакта башка документтер да кошулат.
Санариптик документ процессинин коопсуздугу жогору, деп ишендирди Министрлер кабинети.
18-ноябрда чыккан чечим 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Показать меньше