- Новости
- Просмотров: 3185
Айдоочуну атып өлтүргөн патрулчу 16 жылга кесилди
Чыңгыз Абдыраев 32 жашында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери аткан октон каза тапкан.
Показать больше
Чыңгыз Абдыраев 32 жашында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери аткан октон каза тапкан. 1 жыл 3 айга созулган тергөө иштеринен кийин Свердлов райондук соту 22-ноябрда өкүм чыгарды.
Жыйынтыгында адам өлүмүнө айыпталган мурунку кайгуулчу Дулатбек уулу Жакутбек 16 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул ишке ошол учурда Милициянын кайгуул кызматында эмгектенип жаткан 3 кызматкер да аралашкан. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталып, жыйынтыгында 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.
Окуя 2021-жылдын 27-августунда кечки саат 21:00 - 22:00 чамасында болгон. Кайгуулчулар жол эрежесин бузгандыгы тууралуу протокол толтуруп баштап, сүйлөшүү учурунда пикир келишпестик жаралып, айыпкер маркумга ок аткан.
Показать меньше