Пятница, 12:38, 19 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Кыргызстанда атомдук станция пайда болот. Видео

ноя 23, 2022

Бул маселе Сочи шаарында өткөн эл аралык форумдун алкагында каралган.

Показать больше

Кыргызстандын аймагында атомдук станция пайда болот, деп билдирди Эгергетика министрлиги.

Чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруунун техникалык-экономикалык документтерин даярдоо үчүн макулдашууга да кол коюлду. Тактап айтсак, Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Россиянын «Русатом» акционердик коому кызматташат.

Бул маселе Сочи шаарында өткөн эл аралык форумдун алкагында каралган. Форумда министр Таалайбек Ибраев: "Атомдук энергетика биздин өндүрүштү ача турган маанилүү каражат", - деп белгиледи.

Буга чейин министрлик Борбор Азия өлкөлөрүндөгү электр энергиясына болгон таңкыстыктан качуу үчүн электр энергиясын алуунун башка жолдорун табуунун маанилүүлүгүн белгилеген болчу.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться