Вторник, 22:45, 23 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Бүтүндөй үй-бүлөнүн ажалы. Истен сак болуңуз

янв 16, 2023

Өлкө аймагында иске уулануудан бүтүндөй бир үй-бүлөнүн өмүрү кыйылган окуялар катталып жатат.

Показать больше

Өлкө аймагында иске уулануудан бүтүндөй бир үй-бүлөнүн өмүрү кыйылган окуялар катталып жатат. Каза болгондордун арасында жаш балдар да бар. Демек, өтө сак болуу керек.

Акыркы жарым айдагы эле бир нече адамдын өмүрүн алган кырсыктарды карап көрсөк:

****

2022-жылдын 30-декабрына караган түнү Кадамжайдын Алга айылында 6 адамдын өмүрү кыйылды. Жаңы курулган үйдө 37 жаштагы кожоюн, жубайы, алардын 3 баласы жана тууганынын окуучу уулу каза тапты.

https://www.turmush.kg/news:491633

****

Жыл жаңырган 1-январда Сузактын Дөмөр айылында ата-бала иске ууланып, атасы 64 жашында каза болду.

https://www.turmush.kg/news:492146

****

8-январга караган түнү Жалал-Абад шаарында 2 жаштагы кыз түтүнгө ууланып көз жумган. Анын 3,5 жаштагы агасы ооруканага жеткирилген.

Балдардын апасы бул батирде 2 айдан бери жашап жатканы, балдарын уктатып коюп, идиш жууганы чыгып кеткени айтылды.

https://www.turmush.kg/news:492049

****

Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Качыбек айылында 33 жаштагы келин үч баласы менен иске ууланып каза тапты. Окуя 10-январь күнү кечинде болгон. Балдарынын кичүүсү 3 жашта эле.

https://www.turmush.kg/news:492925/

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться