Четверг, 23:08, 28 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Катуу суук шаркырап аккан шаркыратманы тоңдурду. Видео

янв 16, 2023

Муну менен катар Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде көлдү муз каптап, кичи булуңдар тоңуп калды.

Показать больше

Аномалдуу сууктан улам Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон шаркыратмасы тоңуп калды. Буга чейин шаркырап аккан шаркыратманын суусу кышкысын да агып, тоңгону байкалган эмес. Учурда чет жерден келген альпинисттер муз болуп тоңуп калган шаркыратмага атайын шаймандар менен чыгып жатканын байкоого болот.

Муну менен катар Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде көлдү муз каптап, кичи булуңдар тоңуп калды. Акыркы жолу Ысык-Көлдүн жээги 2018-жылдын январь айында тоңгон. Бул көрүнүш Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы аймагында болгон.

Ал эми Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн жылуулук түтүкчөсү, мектептин таза суу келүүчү түтүгү сууктан улам жарылды. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында адистер түтүктөрдү жылуулоону эскертишет.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться