- Новости
- Просмотров: 2579
Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева каза болду. Видео
Жубайы Тогуз-Тородо жерге берилсе, Курманбек Бакиев жаназага катыша турганы белгисиз.
Показать больше
Мурунку президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова 47 жашында Беларустун Минск шаарында каза тапты.
Тогуз-Торо районунда маркумду акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат. Бул маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү бийлик тастыктады.
Бакиевдин үй-бүлөсү 2010-жылы кеткен бойдон Беларусь өлкөсүнө жайгашкан.
Төлөмүшеванын архивдеги маектериндеги маалыматтар боюнча, алар 1995-жылдан бери бирге. 1 кыз, 1 уулдун ата-энеси болушкан.
Жубайы Тогуз-Тородо жерге берилсе, Курманбек Бакиев жаназага катыша турганы белгисиз. Мурунку президент бир катар кылмыш иштерге байланыштуу сыртынан соттолгон болчу. Алардын ичинде 2010-жылдын апрелинде «Ала-Тоо» аянтында демонстранттарга карата ок атылган факт боюнча күнөөлүү деп табылган.
Показать меньше