Вторник, 18:47, 16 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Парламентте Иманалиев менен Түлөбаев кайым айтышты

мар 01, 2023

1-мартта Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралды. Жыйындын жүрүшүндө К.Иманалиев менен депутат Балбак Түлөбаев кайым айтышты...

Показать больше

1-мартта Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралды. Жыйындын жүрүшүндө К.Иманалиев менен депутат Балбак Түлөбаев кайым айтышты.

Балбак Түлөбаев: - Каныбек Капашовичтин [Иманалиев] трибунада турганы — бул президенттин жаңы саясатынын белгиси. Бул киши келсе бүгүлөсүңөр, чөгөлөйсүңөр, Түркмөнстан болот дегендер Европада элчи болуп отурат, экөө эки жерде. Президенттин кечиримдүү болобу, өкмөттө саясий ар түрдүүлүк болсун, саясий күчтөр менен сүйлөшкөнгө даярмын дегенинин белгиси — «Ата Мекен» партиясынын өкүлү министр болгону турат. Буюрса дейличи, буюрганы. Каныбек Капашович, ысык-көлдүк аксакалдарга кайрылып койбойсузбу?

Каныбек Иманалиев: - Балбал Зарлыкович, аксакалдар коомунун төрагасы Каптагаев [Эмилбек Каптагаев] менен да, эң кызыгы буга чейин Садыр Нургожоев менен сүйлөшкөнбүз. Ал экөөбүз 10 жыл депутат болуп чогуу иштешкенбиз. Президент Жапаров менен да, Ысык-Көлдүн аксакалдары менен да бир дагы көйгөйүм жок. Ортодо чыга калып эле президентке кошомат кылам, көрүнөм дегендер бар. Ал Кыргызстанда болгон, мындар ары да боло берет. Мага ишенип, чоң тармакты бергендиги, демек президенттин андай ичинде кек сактап, таарынып, андай маселеден бийигирээк, мамлекеттик кызыкчылыкты бийик койгонунун күбөсү, ошого жообу. Эң сонун жоопту мен эмес, Садыр Жапаров берди.

Балбак Түлөбаев: - Сиз убагында Каптагаевге кайрылдыңыз беле? Каптагаевге кайрылган эмессиз да.

Каныбек Иманалиев: - Эмнеге кайрылышым керек эле?

Балбак Түлөбаев: - Сиз шайлоонун убагында Көлдүн аксакалдарына, ошол убакта…

Каныбек Иманалиев: - Сиз билим берүүгө байланыштуу суроо бериңиз. Сиз саясатташтырып жатасыз.

Балбак Түлөбаев: - Бир мүнөт, айтышпаңыз. Мен сөз бере элекмин сизге, сөзүм бүтө элек. Сиз депутат эмессиз азыр, мен депутатмын. Сиз аткаруу бийлигине бара жаткан киши катары сабырдуу болуңуз. Бул жерден бир нерсени такташып жатабыз.

Төрага Нурланбек Шакиев: - Каныбек Капашович, шашпай жооп бериңиз.

Каныбек Иманалиев: - Мен сабырдуумун, сиз тема боюнча суроо бериңиз.

Балбак Түлөбаев: - Андан кандай кылалы, урматтуу төрага?

Нурланбек Шакиев: - Каныбек Капашович, сиз сабыр кылып, суроону угуңуз, анан жооп бериңиз. Депутат суроо берип жатат.

Балбак Түлөбаев: - Сиз Кыргызстандын чоң тармагын башкарууга бара жатасыз, билим берүү тармагын. Убагында Ысык-Көл элине кайрылгансыз. Мен ошол элден шайланып келген бала катары сизге суроо берип жатам. Азыр аксакалдарга эмне деп кайрылат элеңиз деп. Же мен сизге жаман сөз айтып жатамбы?

Каныбек Иманалиев: - Президент жооп берди. Мен ага комментарий бербейм.

Балбак Түлөбаев: - Мен президентке кайрылган жокмун, сизге кайрылып жатам.

Каныбек Иманалиев: - Сиз муну улам эле саясатка бурайын деп жатасыз. Кыргыздын саясатында Кыргызстандын президентин дайыма кошоматчылар бузуп келген. Биз ошолордон президентти коргошубуз керек. Мен ошолордон когоюн деп бара жатам.

Балбак Түлөбаев: - Эми мен күнөөлүү болуп калдымбы? Мен начар экенмин, мейли начар боло берейин. Сиз коргоп бериңиз мындан ары, сизге тапшырдым. Рахмат, ишиңизге ийгилик.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться