Пятница, 18:28, 19 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

«Кечинде...»: Окуучулардын массалык уулануусу, коррупция жана шайлоо (жаңылыктар топтому)

мар 30, 2023

Показать больше

30-марттын «Кечинде...». Маанилүү маалыматтардын топтому

Кара-Суунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучулары массалык түрдө ууланды. Айрымдары эс-учун жоготуп, Ош облустар аралык балдардын бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Turmush басылмасынын кабарчысы ооруканага барып, балдардын абалынан кабар алды. Окуучулар атырга ууланды деп божомолдонуп жатат.

---

28-майда Бишкектеги Ленин райондук бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаты шайланат. Талапкерлерди каттоо 27-апрелге чейин жүрө турганы белгилүү болду. Расмий маалымат боюнча, бул шайлоого 18,6 млн сом коройт.

---

Аламүдүн районунун акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалды. Ал жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы болчу. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Лебединовка айыл өкмөтүндөгү 66,8 га айыл чарба жери калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которулган.

---

Бишкек шаарына Кытайдан даражалуу мейман келди. Компартиянын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу да уюштурулду. Анда экономика, соода, энергетика, медицина, маданият, туризм жана билим берүү тармагында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз болду.

---

Буга чейин Бишкектеги Биринчи май РИИБдин кызматкерлери укалоо кызматын көрсөтүүчү салондордон акча талап кылган деген айып менен кармалган. Бул окуядан кийин РИИБдин жетекчилиги жумуштан бошотулуп, кадр алмашуулар болду.

УКМК колго түшүрүү учурунда тартылган видеону бүгүн жарыялады.

---

Коррупция темасын улай:

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун жетекчилеринин бири пара менен кармалды. УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү курулуш иштери үчүн тендер өткөрүүдө жеке ишкерлерден келишимдеги сумманын 10 пайызын кайра талап кылган.

---

Кыргызгидрометтин эскертүүсүнө көңүл бурсак: Өлкө аймагында 1-апрелден 3-апрелге чейин түндө жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүн.

Айрым дыйканчылык аймактарда абанын температурасы -2…-3 градуска чейин төмөндөйт.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться