Четверг, 22:41, 28 Марта 2024
АКИpress
Вход
 

Ленин округунан ким депутат боло алат?

мар 31, 2023

28-майда Бишкектеги Ленин райондук бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаты шайланат.

Показать больше

28-майда Бишкектеги Ленин райондук бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаты шайланат. Талапкерлерге кандай шарттар коюлат? Бул суроого Борбордук шайлоо комиссиясы жооп берди.

Конституциялык мыйзам боюнча: 25 жашка толгон, шайлоо укугу бар, жогорку кесиптик билимге ээ, Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Бул ирет талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде, талапкерлерди каттоо 8-майда аяктайт.

Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер алып чыгуу укугуна саясий партиялар дагы ээ. Бирок партия бир округдан 1 гана талапкерди сунуштай алат.

Дагы бир жол — депутаттыкка өзүн-өзү көрсөтүү. Ал үчүн арыз менен БШКга кайрылсаңыз болот.

Быйыл талапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы ишке киргизилди. Эми депутат болом деген талапкерлердин документтери, мыйзамга ылайык келгени «Түндүк» системасы аркылуу текшерилет.

Бул округдан мандат алган Жаныбек Абиров эс алуучу жайдагы чырдан кийин ордун бошоткон эле.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться