- Новости
- Просмотров:
Латын арибине өтүүгө даярсызбы?
Показать больше
Талас облусундагы Кара-Буура районунун жана өлкөдөгү бир катар айылдардын аталышы өзгөрдү. Тиешелүү мыйзамга президент кол койгону 19-апрелде белгилүү болду.
Мындан ары Кара-Буура Айтматов району деп аталат. Бул райондогу Чымгент айылынын аталышы Чолпонбай айылы болуп өзгөрдү. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагы Ормон хан айыл аймагы болуп өзгөрдү. Оштун Ноокат районундагы Борбаш айылынын аталышы эми Кайрагач болот.
Кыргыз тилин сактап калуу үчүн реалдуу реформалар керек деген маселе Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев тарабынан айтылды. Улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин маалыматы боюнча, бул маселе Түрк тилдүү өлкөлөрдүн 1993-жылдагы саммитинде көтөрүлгөн. Меморандумга ал кездеги вице-премьер-министр Абдыганы Эркебаев кол койгон. Учурда 6 өлкөнүн ичинен Кыргызстанда гана өзгөрүү болгон жок. А.Эркебаев эгерде президент, Жогорку Кеңеш тарабынан саясий чечим кабыл алынса, окумуштуулар менен илимий чөйрө даярдык көрө турганын айтты.
Показать меньше