- Новости
- Просмотров:
Жаңы 200-500 жана 1000 сомдуктар
10-майдан тарта Кыргызстанда 200-500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңысын пайдалана баштайбыз. Жаңы 5-серия улуттук валютанын 30 жылдыгына арналат.
Показать больше
10-майдан тарта Кыргызстанда 200-500 жана 1000 сомдук банкноттордун жаңысын пайдалана баштайбыз. Жаңы 5-серия улуттук валютанын 30 жылдыгына арналат.
«Банкноттор жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап элементтердин комплексин камтыйт», - деп ишендирди Улуттук банк.
Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы үлгүдө Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу багыты, алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын кооз жаратылышы өзгөрбөйт. Ошондой эле банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү мурунку бойдон калат.
Демек, 10-майдан тарта жаңы үлгүдөгү 200-500 жана 1000 сомдуктарды бардык жерде пайдаланып баштайбыз.
Показать меньше