Пятница, 10:31, 19 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

Ысык-Ата районунда ок атылды

май 17, 2023

17-майда таң эрте Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында ок атылды. Оор кылмыштарга тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүү иштери жүргөн. 

Показать больше

17-майда таң эрте Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында ок атылды. Булактар тарабынан алынган алгачкы маалыматтар боюнча, оор кылмыштарга тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүү иштери жүргөн.

Көп узабай ИИМ расмий маалымат таратып, анда УКМК менен министрликтин ыкчам тобу террорчуну колго түшүргөнүн билидрди. Операция учурунда шектүү курал менен катуу каршылык көрсөткөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги аскер кызматкери менен милиционер жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди. Алгачкы маалыматтар боюнча, алардын белине ок тийген.

Операция жүргүзүлгөн аймак курчоого алынып, тиешелүү адистер иштеп жатышат.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться