- Новости
- Просмотров: 7644
«Жүзүн чүмкөп алганы өтө кооптуу». Депутат паранжа маселесин көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова паранжа маселесин көтөрдү. Ал Өзбекстандын парламенти кабыл алган мыйзамды мисал келтирди...
Показать больше
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова («Ынтымак») парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында паранжа маселесин көтөрдү. Ал Өзбекстандын парламенти кабыл алган мыйзамды мисал келтирди.
Өзбекстандын Мажилиси ушул жумада көп аялдуулукту пропагандалаган жана жүзүн толук жапкан кийим кийген жарандарды административдик жазага тартууга байланыштуу мыйзам долбоорун колдогон.
«Бул мыйзам бизге дагы керек. Акыркы күндөрү көзүн гана көрсөтүп паранжа жамынгандар өтө көбөйүп жатат. Мен аларды жоолук салынбасын дебейм, салынсын. Бирок бетин чүмкөгөнү, өзүнүн адамдык жүзүн чүмкөп алганы бул өтө кооптуу, коопсуздукка дагы таасирин тийгизет. Мурда дагы Дин башкармалыгына айткан элем. Ушуга катуу тапшырма берип, мамлекеттик чара көрбөсөк болбой калды», - деди депутат.
Бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырма берилмей болду.
Показать меньше