Суббота, 09:40, 13 Апреля 2024
АКИpress
Вход
 

«Жомоктогудай!» – Садыр Жапаров жаңыланган Физкультурныйга барды

янв 25, 2024

Показать больше

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 25-январда Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды.

Ал жакка барганында мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн футбол-жеңил атлетика манежин көрүп чыкты.

Жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин алкагында футбол-жеңил атлетика манежинде жылытуу, желдетүү системасы жаңыртылган, жаңы терезелер жана кошумча жарыктандыруу орнотулган, ошондой эле канализациялык тармактар жаңыдан салынган. Бардык ички жайларда дубалдары жана чатыры жылууланып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Машыгуу залдарында душ кабиналары, дааратканалар курулган. Эркин күрөш залында спорттук маттар жаңыланган. Алардын аянты азыр эки эсе чоң. Стол тенниси бөлмөсү витраж терезелери менен өзүнчө залга айланган.

Реконструкция жүргүзгөндө чуркоо жолдордун жана футбол талаасынын үстүңкү бетин жабууга өзгөчө көңүл бурулган. Бул максаттар үчүн манежге европалык стандарттарга жооп берген резина жабуу төшөлгөн.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 4-майында академиянын абалы менен таанышып, футбол-жеңил атлетика манежин толук капиталдык реконструкциялоо үчүн каражат табууну тапшырган.

Показать меньше

Популярное видео

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?
или
Зарегистрироваться