- Новости
- Просмотров: 5763
Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат
Садыр Жапаровго эмки президенттик шайлоого катышууга Конституция жол берет, деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов...
Показать больше
Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат, деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 29-январда «Эксперттер талдайт» берүүсүндө.
Анын айтымында, Садыр Жапаровго эмки президенттик шайлоого катышууга Конституция жол берет. Ошондой эле С.Жапаров баштаган ишин таштабайт.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов дагы «АКИpress» агенттигине С.Жапаров кийинки президенттик шайлоодо ат салышарын тастыктады.
«Көп жылдык стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлор башталган жана башка долбоорлорду баштоо пландалууда», - деди Алагөзов.
Показать меньше